КР Министрлер Кабинетинин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу алкагында шаардык райондордо комиссиялар башталды.

Алсак, Биринчи май районунун комиссиясынын курамына акимиаттын кызматкерлери, ишке орноштурууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү, МАБнын кызматкерлери кирди.

Күн тартибинде жарандардын 15 арызы каралды, анын ичинен 10 арыз боюнча социалдык контракт түзүүгө жана программаны иштеп чыгууга сунуштар берилди, 4 арыздын  арыз  ээлерине баш тартылды, 1  арыз ээсинин келбей калуусуна байланыштуу каралган жок.

Ошондой эле Свердлов районунда социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү, анда 45 арыз каралды, алардын ичинен 31 арыз жактырылды, 3 арыз толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү, 5 арыз ээсине баш тартылды жана келбей калгандыгына байланыштуу 7 арыз каралган эмес.

Райондук комиссиянын курамы Октябрь администрациясында да бекитилген, ага Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын, МАБнын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондун иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жарандык коомчулуктун өкүлү кирген.

Акимиатта социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү, анда 19 арыз каралып, анын ичинен 15 арыз жактырылды, 2 арыз толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү, 1 арыз ээсине баш тартылды жана келбей калгандыгына байланыштуу 1 арыз каралган жок.

Белгилей кетсек, социалдык келишим түзүү укугун алуу үчүн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар төмөнкү иш-кагаздардын негизинде иш жүзүндө жашаган жеринен алууга укуктуу: арыз, катышуучунун паспортунун көчүрмөсү, үй-бүлөлүк бизнес планы, программанын өзү.