“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтындагы жашыл аймактарды көркүнө келтирип башташты.

Жашылдандыруучулар “Эмен” сейил багындагы , “Эркиндик” бульварындагы, “Улуттар достугу” кичи сейил багындагы жана борбордун көчөлөрүндөгү чөптөрдү чаап жана отоо иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы гүлзарлар, Пушкин көчөсүндөгү жана “Эмен” сейил багы менен Өкмөт кичи сейил багындагы гүлзарлар отолуп шаар тургундарын көңүлүн ачууга даяр.

Жашылдандыруучулар Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине тамыр системасы жабык бадалдардын жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Эми бош турган бурч 2 арча, 2 пузыреплодник жана 4 япон спиреясынын көчөттөрү менен кооздолду.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт жана майрам учурунда Ала-Тоо аянтынын аймагындагы жашыл аянтчаларга кылдат мамиле жасоону чын жүрөктөн суранат.