Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу  агенттиги негизги көрсөткүчтөрдү баалоо системасы тууралуу билдирет.

Стратегиялык максаттарга жетүү жана Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн «Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар» программасына коюлган милдеттерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү  (Key performance indicators - KPI) жөнүндө» жобосунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп,  анын курамына борбордун муниципалитетинин өкүлдөрү, муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттер жана жарандык коомдор кирди.

Иштин негизги көрсөткүчтөрү Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. Алардын негизинде комплекстүү баа аныкталып, белгилүү бир мезгилге рейтинг түзүлөт.

Заманбап санариптик технологияларды (маалыматтарды чогултуу жана кайра иштетүү) колдонуу аркылуу натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) баалоо системасын ишке ашыруу пландаштырылууда.
Бул чаралардын бардыгы жалпысынан башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.