2022-жылдын 30-августунда Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболунун ардагерлер командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынын курама командасынын ортосунда легендалардын футбол боюнча достук беттеши өтөт. Беттеште түрдүү муундун оюнчулары ойношот.

КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Атактуу спортсмен Олег Романцев келген коноктордун командасынын башкы машыктыруучусу.
Кыргызстандын курамасында улуттук футболдун белгилүү оюнчулары: Закир Жалилов, Немат Закиров, Комол Тайчиев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Игорь Кудренко, Сергей Лисичкин, Руслан Сыдыков, Айбек Бокоев, Ясын Мусаев, Вячеслав Прянишников, Азамат Ишенбаев, Александр Муратиди жана башкалар. Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.
Саат 18:00дөн баштап кирүү акысыз! Күйөрмандардын алдында легендалар матчынын атайын чакырылган коногу Город 312 тобу чыгат.
Футбол күйөрмандары, легендарлуу беттеште болуу үчүн сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!