Бүгүн, 26-августта «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки аймакты кыдыруу учурунда Жогорку Кеңештин имаратынын жанынан 2007-жылы отургузулган 4 даана сынган роза бадалдарын табышкан.
Топуракта жакшы бекемделиши үчүн сөңгөгү байланган казыктар үзүлүп кеткендиктен, жашыл аянттар атайылап талкаланганы жеринде аныкталган. Мындан тышкары, бузуучулар  20га жакын сальвияны тебелеп кетишкен.

Учурда аталган ишкананын кызматкерлери, Биринчи май району боюнча жетекчиси жана жашылдандыруу адистери мыйзам бузуучуларды аныктап, акт түзүүгө аракет кылууда.