Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы шаарды  иретке келтирүү жана уруксатсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.
Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 29-октябрындагы чечими менен Москва көчөсү, 162 дарегинде жайгашкан «АВС» компьютердик клубунун капиталдык кеңейтүүсүн мыйзамсыз деп табылган объектти сот аткаруучулар менен биргеликте бузуу иштери башталган.
Бирок 2-күнү клубдун ээси аткаруу документинин мыйзамдуулугун карап, соттун чечимин аткарууну кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен сотко кайрылганына байланыштуу сот аткаруучулар клубту бузууну убактылуу токтотушкан.
«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө» КРнын мыйзамынын 109-беренесине ылайык, сот аткаруучулар кожоюндун арызы сот тарабынан каралганга чейин бузууну токтотуп, кийинки мөөнөткө жылдыруу чечимин кабыл алышкан.  Иштин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.