Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, муниципалитеттин борбор калаадагы жерлерди мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууну эске салат.

Укук коргоо органдарына мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузууга жол бербөө тапшырмасы берилди.
Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча басып алууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган адамдарды аныктоо жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү тапшырылды.