Жарыяланган “Мыкты короо” жана “Мыкты квартал” сынагынын алкагында Биринчи май, Свердлов жана Октябрь райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Сынактын шарттары кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын, активисттердин жана муниципалдык аймактык  башкармалыктардын катышуусунда талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катышуучуларды сынакка катышуунун шарттары менен тааныштырып, жобонун ар бир пункту боюнча түшүндүрмө беришти.

Андан соң каалоочулар өздөрүнүн суроолорун берип, сунуштарын, толуктоолорун айтышты. Жыйынтыгында чогулгандарды мындай сынакка активдүү катышууга чакырып өтүштү.

Белгилей кетсек, “Мыкты короо” сынагы 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр болуп эки номинация боюнча өткөрүлөт.
“Мыкты короо” сынагына Бишкек шаарынын турак жай ээлеринин шериктештиктери, турак жай-курулуш кооперативдери жана үй комитеттери катышууда.
“Мыкты квартал” сынагына  Бишкек шаарынын кварталдык комитетттери катышууда.
“Мыкты короо” сынагынын байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун - 100 миң сом, орундардын саны - 2;
- 2-орун - 80 миң сом, орундардын саны - 2;
- 3-орун - 50 миң сом, орундардын саны - 2.

“Мыкты квартал” сынагынын байге фонду 300 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун - 130 миң сом, орундардын саны - 1;
- 2-орун - 100 миң сом, орундардын саны - 1;
- 3-орун - 70 миң сом, орундардын саны - 1.
Арыздар 2022-жылдын 20-октябрына чейин кабыл алынат.
Урматтуу шаардыктар! Сынактар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо, шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлөт.