“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы ишин улантууда. Алар аварияларды тез арада жок кылышат, ошондой эле шаардын эски суу тармактарын алмаштырышат.
Можайский көчөсүн бойлой Манас көчөсүнөн Кызыл-Кийский көчөсүнө чейин эски суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ишти «Бишкексууканал» башкармалыгынын оңдоо-курулуш участкасынын бригадасы жүргүзүүдө.
Бул тармактын эң көйгөйлүү бөлүгү болгон  58 жылдан бери иштеп келе жаткан  авариялык участоктун гана жаңы суу түтүктөрү алмаштырылат.
Убакыттын өтүшү менен суу түтүгүнүн эскириши 80%га жеткен. Түтүктүн авариялык абалына байланыштуу муздак сууну берүү кыскарган. Суу проводунун жаңы линиясын ишке киргизүү менен керектөөчүлөрдү суу менен камсыз кылууну көбөйтүүгө жана анын жоготууларын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул участок боюнча иштерди ушул жылдын сентябрь айында аяктоо пландалууда.
Киргизский көчөсү, 116 дарегиндеги муздак суу түтүктөрүндө авариялык кырдаал түзүлүп, диаметри 300 мм болгон түтүктүн темир тилкесинде тешик  пайда болгон. Кырсыктын негизги себеби суу түтүктөрүнүн эскиргени.
“Алтын-Ордо” жаңы конушунда суу чарба тармактары таза суу түтүкчөлөрүнүн клапандарын алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.  Клапандардын диаметри 100 мм. Бул иштердин максаты - муздак суу менен камсыздоону жакшыртуу. Клапанды алмаштыруу суунун агымын жана ылдамдыгын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.