Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы муниципалдык аймактарды «мыйзамсыз курулуштардан» бошотууну улантууда.

Инспекция күн сайын күзөт жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктайт.
Мыйзамсыз иштеп жаткан объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, муниципалдык аймакты бошотуу зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөрдү берип жатабыз.

Мындай иштерден кийин тартип бузуучулар: Сүйүмбаев көчөсүндөгү күч өлчөгүч, Көк-Жар конушундагы соода күркөсүн, Калыс-Ордо конушундагы уруксатсыз орнотулган жыгач калыптарды, Кайназаров жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 жеңил объектини алышкан.

«Ала-Тоо» аянтындагы стихиялуу соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында 2 батут, 1 күч өлчөгүч жана балмуздак сатуу пункту жоюлган.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан  суроолор боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:

0312597526, а также в социальных сетях:
https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08\