Борбор калаада 2008-2009-жылдары төрөлгөн балдар арасында шаардык жайкы спартакиада жыйынтыкталды.
Иш-чараны Бишкек шаарынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти райондук администрациялар менен биргеликте өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты - балдарды сергек жашоого үндөө, дене тарбия жана спорт менен машыгуу, балдардын ортосундагы достукту чыңдоо, биримдикке чакыруу.
Спартакиада №16 орто мектептин базасында борбор калаанын 4 районунун арасында 2 күн өттү. Тандоо 2 этап менен өттү: райондук жана шаардык. Оюндун түрлөрү: пионербол, эстафета, аркан тартыш, шашки, стол тенниси жана кичи футбол.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Жоомарт Шамканов ачты. Ошондой эле 4 райондон кураторлор катышты.
Жеңүүчүлөр:
Пионербол боюнча:
1-орун – Октябрь району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Свердлов району;
4-орун – Биринчи май району.
Эстафета боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Октябрь району;
2-орун – Свердлов району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – 1-май району.
Кичи футбол боюнча:
1-орун – Ленин району;
2-орун – Свердлов району;
3-орун – 1-май району;
4-орун – Октябрь району.
Аркан тартыш:
1-орун – 1-май району;
2-орун – Свердлов району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – Октябрь району.
Кыздар арасында шашки боюнча:
1-орун – Ленин району;
2-орун – 1-май району;
3-орун – Октябрь району;
4-орун – Свердлов району.
Шашки боюнча балдар арасында:
1-орун – Ленин району;
2-орун – 1-май району;
3-орун – Свердлов району;
4-орун – Октябрь району.
Стол тенниси боюнча кыздар арасында мелдеште:
1-орун – Ленин району;
2-орун – Октябрь району;
3-орун – 1-май району;
4-орун – Свердлов району.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы медалдар жана кубоктор тапшырылды. Жаш бишкектиктерди баш калаанын мэриясы жеңиш менен куттуктайт!