“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол чийиндерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Ишкананын 2022-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмесинде Жибек-Жолу проспектиси боюнча тротуар Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин каралган. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси боюнча Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин тротуарды асфальтоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси 519, 521 даректеринде жүрүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу курулуш аянтчасына оор жүк ташуучу унаалар кирип, инженердик коммуникацияларды тартуу иштери жүрүп жатат. Тротуарды капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражатты туура пайдалануу максатында жогоруда аталган даректин алдындагы тротуар асфальтталган эмес, курулуш иштери аяктагандан кийин асфальт төшөө иштери белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Акыркы учурда жолдордогу жана аялдамалардагы жаан-чачын суусун кабыл алуучу торлорду (ЛПР) уурдоо иштери көп катталгандыгына байланыштуу, ишкана шаар тургундарын төмөндө  көрсөтүлгөн социалдык тармак аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранат.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду  (фото жана видео) социалдык тармактагы  instagram: mp_bishkekasfaltservis баракчасна жөнөтсөңүздөр болот.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга биздин ишибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө социалдык тармактарда жана мессенджерлерде өз убагында билдиргендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.