Учурда борбор калаада 4-топтогу (унаа) мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулар арасында алдын ала түшүндүрүү иштери  жүрүп жатат.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция кызматы жана Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Ала-Тоо аянтында рейд өткөрүштү.

Мындай иш-чаралар батыш автобекетинин аймагында, ошондой эле унаалар топтолгон жерлерде өткөрүлөт.
50гө жакын унааларды текшерип, анын ичинен 20дан ашуун айдоочу салык төлөбөй жүргөн, алар менен өз убагында салык төлөө зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодо турбаган таксисттерге 5 акт түзүлдү. Свердлов районунда да транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык администрациянын, Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББгы боюнча   Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте соода-базар комплекстерине жанаша жайгашкан аймактарда транспорт салыгын төлөө боюнча рейддик иш-чара өткөрүштү.

Транспорттук салык боюнча рейддин жыйынтыгында салык квитанциясынын жоктугуна 69 акт, патентсиз иштеген таксисттерге 7 акт түзүлгөн.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында улантылууда. Эскерте кетсек, жарандар транспорт салыгын 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төлөшү керек.