«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Иса Ахунбаев көчөсүнөн Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин ишкананын логотиби түшүрүлгөн жаңы таштанды челектерин орнотуу иштери аяктады.

Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар жолдун эки тарабындагы тротуарларды бойлой орнотулган, ар жолдун эки тарабында 20дан. Аларды орнотуу үчүн 4 жумушчу жана 1 бирдик атайын техника тартылган.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы акырындык менен катардагы урналарды заманбап жана ыңгайлууларга алмаштырууну пландоодо.

Урналарды ишкананын базасында “Тазалык” ишканасынын жумушчулары жасашкан.

Урматтуу жарандар! Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, таштандыларды урналарга таштоону суранабыз.