Биринчи май районунда оюн кызматтарын көрсөткөн баш аламан соода жайлары кайрадан жоюлду.
Рейдге вице-мэр Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери, ошондой эле МАБдын өкүлдөрү катышты.
Кезектеги рейддик иш-чара Эмен сейил багында уруксат берилбеген жеңил объектилерге жана оюн конструкцияларына өткөрүлдү.
Администрациянын кызматкерлеринин талап кылган мыйзам боюнча рейд учурунда «баш аламан соодагерлер»  каршылык көрсөтүп, бул чыр-чатакка алып келди.
Ага карабастан 4 балмуздак муздаткычы, 1 күч өлчөгүч, 3 үйлөнүүчү батут, 2 жыгач оюн комплектиси демонтаждалып, баш аламан соода түйүндөрүнүн ээлерине  протоколдор түзүлдү.
Белгилей кетсек, акимчилик тарабынан аталган курулуштардын ээлери менен мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жерлерге орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин сатуучулар кайрадан «мыйзамсыз» жайларга кайтып келишкен.
Эске салсак, буга чейин 2022-жылдын 20-июнунан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 71-б “Бишкек шаарынын аймагында белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө” токтомунун негизинде Биринчи май районунун аймагындагы сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б.у.с. жайларда батут колдонууга толук кандуу тыюу салынган.