Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы билим берүү уюмдарында айрым темалар боюнча август кеңешмелерин өткөрдү.

№95 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин базасында «Мектепке чейинки балдардын экологиялык аң-сезимин калыптандыруу жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү» деген темада конференция болуп өттү.

Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жана билим берүү процессинин тутумун Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык модернизациялоо максатында «Жаңы чакырыктар - жаңы горизонттор» урааны астында, ошондой эле инновациялык иш-чараларда педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, мугалимдердин көңүлүн экологиялык билим берүү проблемасына, борбордогу ЕЭК экосистемасынын өнүгүшүнө буруу.

№67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинде математика, физика жана информатика мугалимдеринин «Долбоорлоочу-изилдөө иштери окуучулардын табият таануу сабаттуулугун калыптандыруунун негизи» деген темада август кеңешмеси болуп өттү.
Иш-чарада окуу процессинде интерактивдүү, заманбап окуу куралдарын кеңири колдонуу аркылуу окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, окууга компетенттүү мамиле кылуу маселелерине көбүрөөк көңүл буруусу, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу маанилүү экендиги белгиленди. Окуучулардын дүйнөгө көз карашын калыптандыруу жана атайын билим берүүгө өтүү, сапаттуу билим берүү, инновациялык идеялар жана предметтик методдор боюнча талкуулар өткөрүлдү.

№65 Экологиялык-экономикалык лицейинин базасында борбор калаадагы мектептердин англис тили мугалимдери үчүн «МКТны колдонуу менен чет тил мугалимдеринин педагогикалык ишмердүүлүгү жана «Медиа компетенттүүлүгүн калыптандыруунун жолдору» деген темада августтук усулдук окуу өткөрүлдү.

Конференциянын катышуучулары үчүн тренерлер чет тили сабагында медиа компетенттүүлүгү темасында сессияларды өткөрүштү. Конференциянын актуалдуу багыттары жана жаңы окуу жылына коюлган милдеттер билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамаатында талкуулоонун темасы болот.