Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы тынч жыйындарды өткөрүү үчүн белгиленген жерлер жөнүндө эскертет.
Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 12-апрелиндеги чечиминин негизинде Россия Федерациясынын элчилигинин имаратынын жанында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, Кыргыз республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараттарынын жанында тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салынган.
Тынч чогулуштар 2022-жылдын 12-апрелинен 1-сентябрына чейин Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький аянтында өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды соттун чечиминин талаптарын аткарууну чын жүрөктөн суранат.