Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Инспекция объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугу боюнча күн сайын текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.

Инспекторлор Гагарин көчөсүндөгү жер тилкесин басып алуунун алдын алышкан, шаар тургуну муниципалдык жерлерге тосмолорду орноткон. Түшүндүрүү иштеринен кийин тосмолор өз ыктыяры менен бузулуп, жер тилкеси мурунку абалына келтирилди.

Бектенов көчөсүнө да мыйзамсыз темир тосмолор орнотулган. Алар да ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалды.
Ыктыярчылардын тизмеси Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 60 чарчы метр соода күркөсү менен толукталды.

Ал эми 7-кичирайондогу 16/3 үйдүн жанындагы уруксатсыз тосмолор текшерүүнүн жыйынтыгында демонтаждалды.
Курманжан Датка көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 56 жарнак тактасы алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:
https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08