Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында убактылуу комиссия түзүлдү.
Жалпы 75 жеке иш каралган.
Убактылуу комиссиянын жыйынына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү да катышты.
Белгилей кетсек, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулары жашаган жерине жараша жана төмөнкү документтердин негизинде социалдык келишим түзүүгө укуктуу: арыз, катышуучунун паспортунун көчүрмөсү, үй-бүлөнүн бизнес-планы жана программасы.