Улуттук гвардиянын алдындагы МИГ-21 истребители  Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан жаңыланып, сырдалды.

10 жылдан бери бул эстелик жараксыз абалга келген.

Ишкананын балансында турган 6464 даана таяныч мамыларды сырдалууда. 3500дөн түркүк буга чейин жаңыртылган. Бардык түркүктөрдү  сырдоо сентябрдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Жарнактарды мамыларга чаптабаңыздар, алар борбордун эстетикалык көрүнүшүн бузууда.