“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 7-сентябрда саат 9.00дөн 21.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт.
Ч.Айтматов проспектисинин №243 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу бизнес-борбордун кошулушуна байланыштуу муздак суу өчүрүлөт.
Масалиев - Ч.Айтматов проспекти - Миңжилкиев - көч. Сагындыков көч.(КТУнун тосмосунун чыгыш тарабы) чектешкен аймакта суу болбойт.
Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинин 97/4 жана 237/1Б жээгиндеги насостук станциялар муздак суудан убактылуу өчүрүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.