“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан көчөлөрдүн кесилиштерине 323 жол белгиси орнотулуп, жол белгилерин түшүрүү иштери улантылууда.

Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Донской тилкеси Логвиненко көчөсүнөн  Донской  көчөсүнө чейин, №35 мектепке баруучу жол капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле, “Жал” кичи районундагы курулуп жаткан бала бакчага кирүүчү жол оңдолду.

Республикалык бюджеттин эсебинен Өкмөт үйүнүн айланасындагы тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда Ленин атындагы сейил бакта капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..

Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.