№6 Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде бүтүндөй бир доор алмашып жатат.

Мектепке 30 жыл эмгек өтөгөн Элмира Чаландинова өз арызы менен кызматтан кетти. Ал бул мектепти аяктап, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин фортепиано классына мугалим болуп кайтып келип, кийин директордун орун басары болуп, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин директорлук кызматты аркалап келген.

Учурда №6 Балдар искусство мектебинде өлкөнүн эң күчтүү мугалимдери эмгектенип жатышат, сыйлыктар, грамоталар сансыз. Элмира Чаландинованын сиңирген эмгегин белгилеп, биз анын чыгармачылык мамилеси жана маданият менен искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Мирлан Парханов иш жамаатка жаңы директор Анара Абдулинаны тааныштырды.

Жаңы кадр К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын фортепиано классын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолун 2007-жылы ушул мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

2016-жылы К.Молдобасанов атындагы КУКга өтүп, декан кызматына чейин жеткен.

“Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” жана “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгилери менен сыйланган. Көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты, өлкөнүн маданий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ар кандай даражадагы дипломдору, ыраазычылык каттары бар.

Коллектив менен жолугушкандан кийин департаменттин директору фасадды жылуулоо менен оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жаңы кадрга №6 Балдар искусство мектебинин өнүктүрүүдө  ийгиликтерди жана чың ден соолук каалайбыз!