«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы өз багыты боюнча ишин улантууда.
Алар авариялык тирөөчтөрдү демонтаждоо жана орнотуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Турусбеков көчөсүн бойлой Түштүк-2 кичи районундагы 8-үйдүн жанындагы жана Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 авариялык тирөөч демонтаждалып, орнотуу иштери да жүргүзүлдү. Ал эми Фрунзе-Панфилов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 2 объект жарактан чыгарылды.
Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта бул көчөлөргө да жаңы тирөөчтөр орнотулат. Ишти «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын бригадасы жүргүзөт.
Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы дагы социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet
Жазыңыз, чалыңыз! Биз ар дайым байланыштабыз!