2022-жылдын жайы "Бишкекжашылчарба" МИнин жашылдандыруучулары үчүн жемиштүү болду, анткени шаардын учурдагы күнүмдүк камкордугунан тышкары, Жашылчарба Масалиев көчөсүнүн үстүндөгү Байтик-Баатыр көчөсүн бойлой жайгашкан жаңы сейил багын жакшыртууну ийгиликтүү аяктады.

Курулушу жана көрктөндүрүү иштери ушул жылдын жайында бүткөрүлгөн сейил бакка кыргыздын белгилүү саясий ишмери жана 19-кылымдагы элибиздин таламдарынын активдүү коргоочусу – Байтик Канаев же Байтик баатырдын ысымы ыйгарылган.

Аянты 10 гектар болгон жаңы борбордук паркта "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлеринин жардамы менен көптөгөн жашыл аймактар пайда болду.

Мисалы, жашылдандыруучулар мурунку өскөн жана отоо чөптөрдү тазалап, топуракты тегиздеп, аянты 10 430 м2 болгон көк майдандын үрөнүн себишти.

Курулуштун эң маанилүү этаптарынын бири жашылдандыруучулардын көзөмөлүндө болгон - бул сугаруу. Атайын техниканын жана чеберлердин тажрыйбасынын жардамы менен азыркы учурда сейил бакты арык менен гана эмес, суу түтүктөрү менен да сугарылууда.

Биз 3360 погондук метр сантехниканы орноттук.

Аймак Наманган шаары тарабынан борборго тартууланган бир жылдык гүлдөрдүн көп сандаган гүлзарлары менен кооздолгон, паркта жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мүлкүнө жана жашыл бактарына аяр мамиле жасоону суранабыз.