«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды челектерин жана аянтчаларды жууп-тазалоону улантууда.

150гө жакын таштанды салынуучу челек жана 25тен ашык таштанды аянтчалары жуулду.

Жууп-тазалоо иштерине 3 бирдик атайын техника жана 10 кызматкер тартылган.

Шаарыбыздын Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Фрунзе, Жибек-Жолу, Сүйүмбаев, Осмонкул, Гоголь, Үсөнбаев, Линейная көчөлөрүндө жууп-тазалоо жүргүзүлдү.

Челектерди жана аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.