Борбор калаанын акимчиликтеринде социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүүнүн алкагында долбоордун катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Биринчи май районунда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган тогуз үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификат тапшырылды, алар өз ишин ачып же колдоп, туруктуу киреше ала алышат. Кечээ социалдык келишим боюнча 41 арыз каралды, алардын ичинен 14 сертификаттардын биринчи ээлери комиссиянын отурумдарында бекитилди. Айта кетсек, бүгүнкү күндө райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 310 үй-бүлө каттоодо турат.

Свердлов районунда 14 үй-бүлөгө сертификат тапшырылды. Комиссия тарабынан социалдык контракт алууга 109 арыз каралып, анын ичинен комиссияда 69 арыз бекитилген. Свердлов райондук өнүктүрүү башкармалыгында 288 үй-бүлө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алууда.

Ошондой эле Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев он үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификат тапшырды. Кечээ социалдык контракт алууга 34 арыз каралып, анын ичинен 15 биринчи сертификаттын ээси комиссиянын отурумдарында бекитилди. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 203 үй-бүлө каттоодо турат.

Мындан тышкары Октябрь району боюнча программага катышууга 22 үй-бүлө арыз беришкен, кароо процессинде комиссияларда 16 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылган. Райондун башчысы Азамат Дороев социалдык контракт алууга сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында жана үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча жигердүү аракеттерге дем берүү, социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук кандуу катышуу максатында жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү максатында иштелип чыккан.