Биринчи май районунун аймагында тигүү цехтерине рейддер уланууда.

Бул жолу акимчиликтин, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө инспекциясынын, салык кызматынын, МАБдын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия Ош жана Абдрахманов көчөлөрүн бойлой 5тен ашык тигүү цехтерин кыдырды.

Максаты – кийим-кече жана башка калдыктарды чыгаруу боюнча келишим түзүлбөгөн тигүү цехтерин аныктоо. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар табылган жок.

Ушундай рейддик иш-чаралар тигүү цехтери «Тазалык» МИси менен таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзгөнгө чейин уланат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн таштанды чыгаруу кызматына тариф таштандынын 1 куб метри үчүн 225 сом же КНС эсепке алуу менен 252 сом өлчөмүндө каражатты түзөт.

Борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаардын аймагында иш алып барган жеке жана юридикалык жактар, башка чарба жүргүзүүчү субъекттер, анын ичинде жеке турак жайлардын, көп батирлүү турак жайлардагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери менен «Тазалык» МИси менен катуу таштандыларды чыгаруу келишим түзүүгө милдеттүү.  Жеке жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар менен ишкана коомдук келишим түзөт.

Урматтуу тигүү цехтеринин ээлери! Борборду көрктөндүрүү эрежелерин сактоого  чакырабыз жана көптөн-көп суранабыз!