№53 орто мектепте Кытай элчилиги каржылаган «Эне балага тирек» фонду тарабынан берилген интерактивдүү панелдин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары У.Э.Мамбетакунов, «Эне балага тирек» фондунун өкүлү Алымбаева А. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары  Абдуазизов Д.В., Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борборунун директору Байгулов Н.О катышты.

Коноктор мектеп менен таанышып, 7-А классында математика сабагынан “Сандуу туюнтмалар” деген темада өтүлгөн ачык сабакка катышып, интерактивдүү панель менен окуучулардын иштешине  күбө болушту.

Ошондой эле окуу класстарын, «Манас таануу» музейине көрүштү.