Борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров математика боюнча эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү Федор Корнияш менен мугалим Махамадхан Ишматовго акчалай сертификаттарды тапшырды.

Борбор калаанын мэри жаш математик борбордун жана бүткүл республиканын сыймыгы экендигин белгилеп, окуучуну эл аралык иш-чараларга мыкты даярдагандыгы үчүн педагогго ыраазычылык билдирди.

Муниципалитеттин резервдик фондунан алардын эмгегин колдоого 60 миң сом бөлүндү.

Корнияш Федор 2022-Азия-тынчокеан математика олимпиадасынын коло медалын жеңип алды, 2022-Улуттук математика олимпиадасында биринчи орунду жана 2021-2022-Республикалык математика олимпиадасында үчүнчү орунду ээледи.

Ал №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу-тарбия комплексинде 8-класста окуйт, ошол эле учурда спорт менен активдүү алектенет, көркөм гимнастика боюнча чоңдордун 3-разряды, батут боюнча биринчи чоңдор категориясына ээ.

2020-жылы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу-тарбия комплексинде олимпиадалык математика мугалими Ишматов Махамадхан Юсупжановичтен билим ала баштаган. 2020-жылы биринчи жолу Эл аралык математика олимпиадасына даярдануу үчүн жайкы окуу лагеринде окуган. Алтынчы класста 2021-жылдагы Эл аралык математика олимпиадасына катышуу үчүн республикалык тандоого катышып, улуттук курама командага кирген. Жайкы математикалык чогулуштарга, жайкы математикалык лагерге катышкан. 2021-жылы Ирандын геометрия олимпиадасында Кыргызстандын өспүрүмдөр арасында биринчи алтын медалын алган. Жетинчи класста окуп жүргөндө республикалык олимпиадада рейтингде үчүнчү орунду ээлеп, кайрадан өлкөнүн курама командасына кирген.Математикада ал өзгөчө проекциялык геометрияга жана классикалык теңсиздикке кызыккан. Мектептен тышкары китеп окуганды, фридайвингди жана альпинизмди жакшы көрөт.

Борбор калаанын мэриясы жаш математикти жана анын окутуучусун мыкты ийгиликтери менен куттуктайт жана мындан аркы жетишкендиктерди каалайт.