Можайский көчөсү менен жалпы узундугу 200 метр магистралдык суу түтүгү тартылды. Жаңы суу түтүгүнүн диаметри 160 мм.

“Бишкексууканал” башкармалыгынын оңдоо-курулуш участогунун адистери жер кыртышын ныктоо иштерин аяктоодо. Иштер учурунда бузулган асфальт төшөлмөлөр башкармалык тарабынан калыбына келтирилет.

Жолду калыбына келтирүү иштери аяктагандан кийин бригада төрт тилкеге жалпы узундугу 150 метр, диаметри 50 мм болгон темир түтүктөрдү төшөй баштайт.