“Ала-Тоо” жаңы конушунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировдун, Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин, АРИСтин өкүлдөрүнүн катышуусунда №82 орто мектептин башталгыч мектебинин капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Имаратта төмөнкүдөй иштер аткарылды: конструкцияларды жарым-жартылай демонтаждоо, чатыр жабууларын, пол жабууларын, терезе жана эшиктерди алуу, кирпич дубалдарды алуу, дубалдарды жана шыптарды жылуулоо; терезе блокторун орнотуу, чатырдын жыгач конструкцияларын бекемдөө. Ошондой эле, ички жасалгалоо, кире беришин жакшыртуу, «Б» блогунун чатырын бүтүрүү.
№82 башталгыч мектеп 1998-жылы курулган, мектептин долбоордук кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган.
Оңдоо иштерин «Бийик KG» ЖЧКсы жана «АТ Эмпайр» ЖЧК подряддык уюмдары жүргүздү.