Шаардын Юг-2 кичирайонунда, №8 имаратта пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду.

Борбор калаанын мэриясы лифт өндүрүүчүлөрдөн түшкөн коммерциялык сунуштарды иликтеп чыгып, ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн “Кыргыз унаа курулуш” ишканасын тандоо чечимине келген.

Айтмакчы, бул компаниянын лифттеринин баасы башкалардыкына салыштырмалуу арзан.

Эски көтөргүчтү демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин окутууну компаниянын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Жүргүнчү лифт 8 аялдаманы түзөт, жүк ташуу көлөмү 320-450 кг.

Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.