Борбор калаанын акимчиликтеринде балдар иштери боюнча комиссия отурумун өткөрдү.

Биринчи май акимчилигинде өткөрүлгөн отурумга билим берүү борбору, ҮМБ, психологдор жана социалдык кызматкерлер, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, SOS Балдар айылы коомдук фонду, «Элим барсыңбы» коомдук бирикмеси, «Альтернатива» үй-бүлөнү бириктирүү борбору катышты. Алар 8 жаштагы жана андан жогорку жаштагы балдарды 1-класска кабыл алуу, турак жай үлүшүн сатууга уруксат берүү, балдарды социалдык мекемелерде жашоо мөөнөтүн узартуу же жайгаштыруу боюнча 20 материалды карап чыгышты.

Свердлов району боюнча 41 материал каралып, анын ичинен: мектеп-интернаттарга жайгаштыруу, мектеп, мүлк маселеси, балдар арасындагы укук бузуулар.

Ошондой эле Ленин районунда жашы жетелек балдар мекемесине жайгаштыруу, аларды балдар мекемесинен чыгаруу,  мураска калган турак-жай үлүшүн сатуу, мектепке берүү жана башка маселелер боюнча комиссия карады.

Бардык материалдар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен иш жүргүзүүнүн  жана баланы коргоо боюнча жеке пландары бекитилди.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам көрсөтүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.