Бишкек шаарынын мэриясы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген жана уруксатсыз илинген жарнамаларды алуу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов 2022-жылдын 23-августунда бекиткен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  33 жылдыгына  карата  мамлекеттик   тилдин   бир   айлыгы   боюнча  (23-августтан  23-сентябрга  чейин) иш-чаралардын планынын” 20-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жана уруксатсыз илинген жарнамаларды жана көрүнөө маалыматтарды алуу иштерин жүргүзүп жатат.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалык испекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу комиссиянын курамы бүгүн шаардын Дэн Сяопин/Интергельпо көчөсүнүн кесилишинен баштап Чүй/Турусбеков көчөсүнө чейин мыйзам талаптарына ылайык келбеген жана уруксатсыз илинген жарнамаларды алышты.

Рейддик иш-чарада 33 жарнамалык штендер жана 29 жарнама баннери алынып салынды.