Күздүн келиши менен муниципалдык инспекция жалбырактарды өрттөө фактыларын көбүрөөк каттап жатат.
Кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары, шамал менен көбүнчө кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.
Мындай мыйзам бузгандарга КРнын “Бузуу жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин административдик айып каралган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле, шаардыктардын билдирүүсү менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталган. Шаар тургуну Ошурбакиева З., 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү. Токтом чыгарылган.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:
https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08