Шаардыктар жарандык демилгелердин долбоорун пайдалана алышат.

Жарандык демилгенин максаты - Бишкек шаарынын муниципалдык аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жашоочулардын активдүүлүгүн колдоо жана көрсөтүү болуп саналат.

Жарандык демилгенин милдети жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаар тургундарын тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Бишкек шаарынын калкынын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү аркылуу шаардык бюджеттин чыгашаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Төмөнкү багыттар боюнча жарандык демилгелердин долбоорлору каржылоого жатат:

-жолду, тротуарларды, балдар аянтчаларын, спорт аянтчаларын, канализацияны, жылуулук жана суу менен камсыздоону, дренажды, ирригациялык тармактарды, тышкы жарыктандыруу тармактарын, электр менен жабдууну, кудуктарды, муниципалдык лифттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
-муниципалитеттин карамагындагы имараттарды оңдоо;
-унаа токтотуучу жайларды жакшыртуу, жашылдандыруу, скверлерди куруу, аймакты жарыктандыруу, видеокөзөмөлдөө, тосмолор, аялдамалар, таштанды челектерин, жол белгилерин орнотуу жана жол белгилерин түшүрүү;
-жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;
-Бишкек шаарынын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу;
-долбоорлоо жана изилдөө иштери.

Жарандык демилгенин долбоору көйгөйдүн сыпаттамасын, белгилүү бир иштерди аткаруу зарылдыгынын негиздемесин, долбоор ишке ашырыла турган аймак жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

Жарандык демилгелердин муниципалдык аймакта ишке ашырыла турган долбоорлору гана демилгелүү топтун суроо-талабы боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү жана Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын өтүнүч каты милдеттүү түрдө катышуу менен тандалууга жатат.

Урматтуу Октябрь районунун тургундары! Арыздар 12-сентябрдан 2022-жылдын аягына чейин кабыл алынат.

Грант алгыңыз келсе, кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн Октябрь акимиатына кайрылыңыз:

-  Байтик Баатыр көчөсү №17, тел: 0312 57 63 92.