Сугат тармактары — борбордун жашыл аймагынын  артериясы.

Бишкек шаары 3 негизги булактан сугарылат - бул "Аламүдүн", "Ала-Арча" дарыялары жана Чыгыш Чоң Чүй каналы.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сугат тармагын бөлүштүрүп, жашыл зоналар сугарылат.

Борбордун ирригациялык тармактары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- негизги, бөлүштүрүүчү жана ички чарбалык;
- жашоону камсыз кылуучу, башкача айтканда, өткөрүү жөндөмдүүлүгү 0, 1 - 3 м3/с болгон магистралдык каналдар тармагы.

Дарыялардын негизги каналдарына Ала-Арча дарыясы, «Кыргызстан», Жогорку Транзит, «Овчарский» жана «Лагерный», «Кызыл-Аскер» каналдары кирет.

Аламүдүн суусунан Асанбай, Муратаалы, Лесхозовский каналдары куят.

Ал эми үчүнчү негизги булак Чыгыш Чоң Чүй каналы.

Дал ушул каналдар Ынтымак, Ден соолук, Дене тарбия парктарын, Чапаев-Айни кесилишиндеги аянтты, Ореховая, Кайың бактарын, Тоголок-Молдо аянтын, Д. Асанов жана Бишкек шаарынын башка көптөгөн жашыл аймактарын сугат суу менен камсыз кылат.

Чакан квартал ичиндеги, короо ичиндеги жана турак-жай конуштарынын ичиндеги сугаттарды жарым-жартылай калк МАБдын, кварталдык жана үй комитеттеринин уюштуруучу ролу менен тейлейт.

Учурда борбор калаада «Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары борбор калаадагы жашыл аянттарды арык суулары менен сугарууну камсыз кылуу жана уюштуруу боюнча биргелешкен тынымсыз иштерди жүргүзүүдө.