Октябрь акимиаты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» боюнча рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 26 миң сом айып салынып, 2 протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет б.а. тамеки чеккен жаранга айып салынат.