Өтүп кеткен эс алуу күндөрү сууканалчылар суу менен жабдуу тармактарындагы 45 бузулган жерди оңдоп, четтетти.

Суу менен жабдуу кызматы диаметри 100мм суу өткөрмө түтүгүндөгү бузулууларды четтетти.

Сууканалчылар Алыкулов жана Омуракунов көчөлөрүнүн кесилишинде ичүүчү суунун агып калуусун тапты. Адистер бузулган жерге хомут коюшту.

Ат майданынын (ипподромдун) аймагындагы суу түтүк тармагында ичүүчү суунун агып калуусу катталды. Суу өткөрмө түтүктөн эки жарылган жер табылды.

Суу менен жабдуу кызматынын бригадасы диаметри 63мм түтүктөгү бузулууларды четтетти. Бузулган жерлерге адистер муфталарды койду.

«Бишкексууканал» ӨЭБнын авариялык бригадасы күнү-түнү иштейт. Бардык табыштамалар кабыл алынары менен багыты боюнча суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү кызматтарына берилет.

Табыштамаларды 1533 кыска номуруна калтырса болот, Диспетчердин номуру. 0312 56-03-20.