Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө.

Бүгүн Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас проспектине чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 45 жарнамалык штендер, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды.

Бул багыттагы иштер улантылат.