«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери коопсуздук боюнча сынактан өтүп жатышат.

Персоналдык тейлөөчүлөрдүн билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, кызматкерлерден атайын экзамен алынууда.

Экзамендин негизги максаты - температурасы 110 градустан жогору буу жана суу казандарын коопсуз пайдалануу болуп эсептелет. Белгилей кетсек, ишкананын отказандарды иштеткен кызматкерлери жыл сайын сынактан өтүшөт.