Баткен облусундагы чек арадагы окуяларга байланыштуу 17-сентябрга белгиленген масштабдуу ишембилик токтотулду.

Урматтуу шаардыктар! Баткендиктерди колдоо максатында борбор калаада гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары, ошондой эле акча каражаттарын которууга боло турган атайын банктык эсеп ачылганын эсиңиздерге салабыз:

Алуучу: КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Алуучунун банкы: КРФМ Борбордук казыналыгы
Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073
БИК 440902 - (МКП, ВКП)
БИК 440001 - банктар аркылуу
Алуучунун коммерциялык банктар аркылуу эсеби: 1352119929762602
Алуучунун банкы: «Айыл Банк» ААК
БИК135001
Төлөөнүн максаты: Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү
Төлөм коду: 14411100

Чогултуу  пункттарынын даректери менен Бишкек шаарынын мэриясынын meria.kg сайтынан таанышууга болот.