Бишкек мэриясынын жана кайрымдуу жарандардын үч жүк ташуучу унаасы Кадамжайда.

Аларды муниципалитеттин өкүлдөрү тосуп алышты, гуманитардык жардам бардык муктаж болгондорго берилет.

Эске салсак, 16-сентябрда Бишкектен үч жүк ташуучу унаа — 67 тонна гуманитардык жардам жөнөп кеткен. Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн керектүү буюмдар Баткен облусуна жөнөтүлдү. Мындан тышкары дары-дармектер да жөнөтүлдү.