Борбор калаанын төрт районунун акимдери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган жети баланын абалын сурашты.
Балдар ортопедиясы бөлүмүнүн башчысы Мирбек Эмилбеков Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып, психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалына токтолду.
Район жетекчилери балдардын ар бири менен, ошондой эле ата-энелери менен баарлашып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерден балдарга өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.