“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 20-сентябрда саат 9.00дөн 20.00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.
Төмөнкү көчөлөрдө суу болбойт: Ахунбаева-Айни-Жунусалиев көчөлөрү - Ч.Айтматов проспектиси.
Шота-Руставели көчөсү №48 дареги боюнча өрт гидранттарын алмаштыруу жана кум каптоочуну орнотуу иштерине байланыштуу муздак суунун убактылуу өчүрүлөт.
Уюмдар суусуз калат:
- Целинная көчөсү №16 дарегиндеги №47 орто мектеп;
- Ш.Руставели көчөсү №95 дарегиндеги №2 ҮМБ;
- Ахунбаев №187 дарегиндеги «Демир Банк» ЖАК;
- Ахунбаев көчөсү №187 дарегиндеги "Экспресс плюс" лабораториясы;
- Ахунбаев көчясү №187 дарегиндеги "Aqua Lab" лабораториясы;
- Ахунбаев көчөсү №182көчөдө дарегиндеги "Плаза клиникасы" медициналык борбору;
- Ахунбаев көчөсү №187 дарегиндеги "Монро" сулуулук салону;
- Ахунбаев көчөсү №189 дарегиндеги «Эрке айым» сулуулук салону;
- Шота-Руставели көчөсү №101 дарегиндеги "Гемотест" лабораториясы;
- Шота-Руставели көчөсү №101дарегиндеги "Сапат лаб" лабораториясы.
- Шота-Руставели көчөсү №101 А дарегиндеги "Viva" сулуулук салону;
- Ахунбаев көчөсү №48/1 дарегиндеги «Чан Ан» микрофинансылык компаниясы;
- №49 Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы «Магнат» лабораториясы;
- Ч.Айтматов проспектиси №47А дарегиндеги «Манас» кинотеатры;
- Ч.Айтматов проспектиси №43 дарегиндеги «Эрма Дент» стоматологиясы;
- шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы;
- Целинная көчөсү №19 дарегиндеги тез жардам (№2 көмөкчордон);
- Ч.Айтматов проспектиси №41 дарегиндеги "Триовитал" стоматологиясы;
- Ч.Айтматов проспектиси №41 дарегиндеги «Инвитро» лабораториясы.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.