Борбор калаанын вице-мэри Олег Попиков «Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун үстүндө иштеп жаткан Киртан Саху мырза баштаган Дүйнөлүк банктын эксперттер тобу менен жолугушту.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу механизмдерин жана учурдагы көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашты. Эксперттик топ абаны булгоочу булактарды комплекстүү талдоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бөлүштү.

Миссиянын негизги максаттары – өзгөчө долбоордун компоненттерине жана ишке ашыруу механизмдерине карата абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун деталдарын талкуулоо жана макулдашуу, экологиялык жана социалдык принциптердин инструменттерин даярдоого жана башка иш-чараларга мониторинг жүргүзүү.