“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады.

2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилин ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык 133 аз камсыз болгон үй-бүлө отун менен камсыздалат.

Ишкана болжол менен 200 куб отунду бекер берүүнү пландап жатат, ал өз кезегинде Бишкектин муниципалдык аймагындагы куурап калган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган.