Бишкек шаарынын мэриясынын А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театры 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Брест шаарында өткөн XXVI Эл аралык “БЕЛАЯ ВЕЖА – 2022” театралдык фестивалында “Тарыхый эс тутумдун ишке ашырылышы” номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Фестивалга дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Армения, Беларусь, Болгария, Греция, Дания, Польша, Россия, Өзбекстандан драм, музыкалык, көчө  жана куурчак театрлары катышты.

Фестивалдын программасына 24 театралдык жамааттын 28 спектакли кирди, актёрлор 7 тилде: белорус, орус, армян, англис, поляк, болгар жана кыргыз тилдеринде ойношту.

"Белая Вежа" театр искусствосунун эл аралык фестивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет жана анын максаты – классикалык сахна салттарын өнүктүргөн жана  заманбап каражаттарын издеген дүйнө жүзүндөгү улуттук театрлардын искусствосун көрсөтүү.

Белгилүү режиссёрлор жана актёрлор, музыканттар жана сүрөтчүлөр, ошондой эле жаш таланттар үчүн Бресттеги фестиваль көрүүчүлөргө эң мыкты чыгармаларын тартуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк”, - дейт фестивалдын эксперттик комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, театрдын көркөм жетекчиси Айгүл Умуралиева.

12-сентябрда Бишкек театры беларусиялык көрүүчүлөргө, фестивалдын конокторуна жана катышуучуларына Казакстан Республикасынын Эл артисти,  режиссеру Бекпулат Пармановдун Чыңгыз Айтматовдун романынын негизинде тартылган “Эсимде” чыгармасын көрсөтүштү.