Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берген. Ошондон бери бул күнү мамлекеттик тил майрамы белгиленип келет.

Бул майрамдын урматына борбор калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында акциялар, кызматкерлер арасында көркөм ыр окуу конкурстары жана салтанаттуу конференциялар сыяктуу ар кандай иш-чаралар уюштурулду.

Медицина кызматкерлери чоң чыгармачылык менен алектенип, өз таланттарын көрсөтө алышты. Мамлекеттик тил күнү ар бир жамааттын турмушундагы кыргыз тилинин ролун ачып берди.

Мындай иш-чараларды өткөрүү коллективдин жамааттын рухун билдирет, өткөндү, азыркыны жана келечекти символдоштурат, тарыхты сүйүүгө жана урматтоого тарбиялайт.